• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Акыркы суткада COVID-19 инфекциясынан 17 адам каза тапты

COVID - 19 0

Бишкек, 30.07.20. /Кабар/. Акыркы суткада COVID-19 инфекциясынан 17 адам каза тапты. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында Саламаттык сактоо министрлигинин коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова билдирди.

Анын айтымында, Бишкекте 9, Чүй облусунда 2, Нарын облусунда 2 жана Жалал-Абад облусунда 4 адам илдеттен (пневмонияны эсепке алганда) каза болду.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда 30-июлга карата коронавирус жана пневмония жуктурган учурлардын саны 35 миң 143кө жетти. Илдеттен жалпы 24 миң 474 жаран айыкса, каза болгондордун жалпы саны 1364тү түзөт.

Пикир

Оставить комментарий