• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Акыркы суткада COVID-19 инфекциясынан 18 адам ажал тапты

COVID - 19 0

Бишкек, 29.07.20. /Кабар/. Акыркы суткада COVID-19 инфекциясынан 18 адам ажал тапты. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында Саламаттык сактоо министрлигинин коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова билдирди.

Анын айтымында, Бишкекте 9, Ош шаарында 4, Чүй облусунда 2, Ош облусунда 1, Талас облусунда 1 жана Ысык-Көл облусунда 1 адам илдеттен (пневмонияны эсепке алганда) каза болду.

елгилей кетсек, Кыргызстанда 29-июлга карата коронавирус жана пневмония жуктурган учурлардын саны 34 миң 512ге жетти. Илдеттен жалпы 23 миң 343 жаран айыкса, каза болгондордун жалпы саны 1347ни түзөт.

Пикир

Оставить комментарий