• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Акыркы суткада COVID-19 инфекциясынан 28 адам каза тапты

COVID - 19 0

Бишкек, 26.07.20. /Кабар/. Акыркы суткада COVID-19 инфекциясынан 28 адам каза тапты. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.

Ага ылайык, Бишкекте 8, Ош шаарында 2, Чүй облусунда 4, Ош облусунда 2, Нарын облусунда 1, Ысык-Көл облусунда 4, Жалал-Абад облусунда 5, Баткен облусунда 2 адам илдеттен (пневмонияны эсепке алганда) каза болду.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда 26-июлга карата коронавирус жана пневмония жуктурган учурлардын саны 32 миң 813кө жетти. Илдеттен жалпы 20 миң 388 жаран айыкса, каза болгондордун жалпы саны 1277ни түзөт.

Пикир

Оставить комментарий