• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Акыркы суткада дагы 94 медкызматкер коронавирус жуктуруп алды

COVID - 19 0

Бишкек, 14.07.20. /Кабар/. Акыркы суткада өлкө боюнча 94 медкызматкер коронавирус жуктуруп алды. Бул тууралуу бүгүн өкмөт үйүндөгү маалымат жыйынында Саламаттык сактоо министрлигинин коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова билдирди.

Анын айтымында, Бишкек шаарында 26, Чүй облусунда 39, Ош шаарында 14, Жалал-Абад облусунда 9, Баткен облусунда 6 медкызматкер илдетке кабылды.

“Ал эми бир суткада 10 медициналык кызматкер ооруканалардан айыгып чыкты. Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында 1875 учур катталды, алардын ичинен 570 медкызматкер стационарлардан айыгып чыккан”, - дейт ал.

Белгилей кетсек, азыркы тапта өлкөдө коронавирус жуктурган учурлардын саны 11 миң 538ге жетти. Алардын ичинен 1875и медицина кызматкери. Илдеттен жалпы 4995 (үй изоляциясынан 1426) жаран айыкса, коронавирус жуктурган 149 адам каза болду.

Пикир

Оставить комментарий