• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Акыркы суткада коронавирус 5 адамдын өмүрүн алды

COVID - 19 0

Бишкек, 12.10.20. /Кабар/. Акыркы суткада коронавирус 5 адамдын өмүрүн алды. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Ош шаарында бир, Ош облусунда 3, Талас облусунда бир адам каза болду.

Белгилей кетсек, 12-октябрга карата Кыргызстанда коронавирус (пневмонияны эсепке алганда) жуктурган 298 жаңы учур катталды. Учурда Кыргызстанда коронавирус жуктурган учурлардын саны 49 миң 528ди түзөт. Алардын ичинен 44 миң 522 киши айыгып чыкты, 1 миң 90 адам каза болду.

Пикир

Оставить комментарий