• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Акыркы суткада коронавирус 5 адамдын өмүрүн алды

COVID - 19 0

Бишкек, 10.10.20. /Кабар/. Акыркы суткада коронавирус 5 адамдын өмүрүн алды. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Бишкекте 2, Ош облусу 3 адам каза болду.

Белгилей кетсек, 10-октябрга карата Кыргызстанда коронавирус (пневмонияны эсепке алганда) жуктурган 307 жаңы учур катталды. Учурда Кыргызстанда коронавирус жуктурган учурлардын саны 48 миң 924тү түзөт. Алардын ичинен 44 миң 227 киши айыгып чыкты, 1 миң 82 адам каза болду.

Пикир

Оставить комментарий