Акыркы суткада коронавирус эки адамдын өмүрүн алды

COVID - 19 0

Бишкек, 13.10.20. /Кабар/. Акыркы суткада коронавирус эки адамдын өмүрүн алды. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Ош облусунда бир, Бишкекте бир адам каза тапты.

Белгилей кетсек, 13-октябрга карата Кыргызстанда коронавирус (пневмонияны эсепке алганда) жуккан 343 жаңы учур катталып, жалпы илдетке кабылгандардын саны 49 миң 871ге жетти. Алардын ичинен 44 миң 712 киши айыгып чыкты, 1 миң 92 адам каза болду.

Пикир

Оставить комментарий