• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Акыркы суткада коронавирустан бир кыргызстандык каза болду

COVID - 19 0

Бишкек, 19.08.20. /Кабар/. Акыркы суткада коронавирустан бир кыргызстандык каза болду. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин Коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова брифингде билдирди.

Анын айтымында, Баткен облусунун Лейлек районунда бир жаран илдеттен каза болду.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда коронавирус жуктурган учурлардын саны 42 миң 325ти түзөт. Алардын ичинен 35 миң 197 киши айыгып чыкты, 1 миң 54 адам каза болду.

Пикир

Оставить комментарий