• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Акыркы суткада коронавирустан каза болгон учур катталган жок - Үсөнбаев

COVID - 19 0

Бишкек, 07.09.20. /Кабар/. Акыркы суткада коронавирустан каза болгон учур катталган жок. Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев брифингде билдирди.

Анын айтымында, Кыргызстанда коронавирустан жалпы 1 миң 61 адам каза тапкан.

Бүгүнкү күнгө карата Кыргызстанда коронавирус (пневмонияны эсепке алганда) жуктурган учурлардын саны 44 миң 458ди түзөт. Алардын ичинен 39 миң 960 киши айыгып чыкты.

Пикир

Оставить комментарий