• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

Акыркы суткада өлкө аймагында 7 өрт катталды

Коом 0

Бишкек, 16.11.17. /Кабар/. Акыркы сутка ичинде республиканын аймагында 7 өрт кырсыгы катталды. Аларды өчүрүүгө 7 өрт өчүрүү бөлүмү жөнөтүлдү, деп билдирет ӨКМдин басма сөз кызматы.

Бишкекте – 3, Ош – 1, Жалал-Абад – 1, Ысык-Көл облусунда – 2 өрт кырсыгы катталган.

ӨКМдин берген маалыматы боюнча, өрттөн жабыркагандар жок.

Пикир

Оставить комментарий