• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Акыркы суткада республика боюнча 13 өрт катталды

Коом 0

Бишкек, 28.11.17./Кабар/. Акыркы суткада өлкө аймагында 13 өрт катталды. Аларды өчүрүүгө 15 өрт өчүрүү бөлүм жиберилди,-деп билдирет бүгүн, 28-ноябрда ӨКМдин басма сөз кызматы.

Бишкектеги Бейшеналиев көчөсүндөгү №31 үйдүн батиринин биринде 70 чарчы метр бөлмөнүн ичинде жыгачтан 3 терезе, 5 эшик, муздаткыч, сыналгы, кийимдер, уктоочу керебет, шкаф күйгөн. Өрттүн себеби электр жабдууларын куроодо эреженин бузулушу.

Ошондой эле, Тоң районунун Бөкөнбаев айылындагы Мамбетов көчөсүндө жайгашкан турак үйдүн от жагуучу бөлмөсүндө 2 чарчы метр мордун тегереги күйгөн. Жылытуучу мештер менен морлордун туура эместиги өрткө себеп болгон.

Пикир

Оставить комментарий