• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Акыркы төрт айда Соцфонддун колл-борборуна 12 миңге жакын кайрылуу келип түшкөн

Коом 0

Бишкек, 20.05.21. /Кабар/. Социалдык фонддун колл-борбору 2021-жылдын январь-апрель айларында 11 миң 530 кайрылуу кабыл алды. Бул тууралуу аталган фонддун басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, колл-борбору негизги социалдык камсыздандыруу, пенсиялык камсыздоо жаатындагы маселелер боюнча 1202 кыска номери аркылуу толук түшүндүрмөлөрдү берүүдө.

"2021-жылдын апрель айында Соцфонддун Call-борборуна 971 кайрылуу келип түшкөн. Андан тышкары, сайт аркылуу онлайн-офлайн режиминде 412 сайт аркылуу электрондук кайрылуу келип түшкөн", - деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, фонддун Call-борборуна кайрылуулардын басымдуу бөлүгү камсыздандыруу төгүмдөрдү төлөөчүлөрдөн, иштебеген жарандардан, чет өлкөлүк жарандардан, пенсионерлерден жана иштеген пенсионерлерден келип түшөт.

Пикир

Оставить комментарий