• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Акыркы жолу аскер кызматкерлеринин маянасы 2011-жылы көтөрүлгөн – Кедеев

Коом 0

Бишкек, 30.07.19. /Кабар/. Акыркы жолу аскер кызматкерлеринин маянасы 2011-жылы көтөрүлгөн. Бул тууралуу "Кабар" агенттигиндеги маалымат жыйында Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасынын орун басары Нурсейит Кедеев билдирди.

Анын айтымында, маянаны көтөрүү боюнча иштер дайыма жүргүзүлүп келет.

"Бул жылы биз өкмөткө аскерлердин маянасын 30%дан 50%га чейин көтөрүү боюнча сунушту киргиздик. Аскер кызматкерлеринин орточо айлык акысы 10-12ден 20-22 миң сомго чейин жетет. Ар бир өлкөдө аскерлеринин орду чоң болуп, алар бизнес жүргүзүүгө мүмкүнчүлүгү болбогондуктан, 24 саат бою кызматында болуп, өлкөнү коргоп жаткандыктан маянасынын жакшы болушу өтө маанилүү", - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий