• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Акыркы жумада өлкө аймагында 14 миң 676 жол эрежесин бузуу аныкталды

Укук тартиби 0

Бишкек, 29.07.21. /Кабар/. Акыркы жумада өлкө аймагында 14 миң 676 жол эрежесин бузуу аныкталды. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти.

Ага ылайык, алардын ичинен:

- айдоочулар тарабынан ылдамдык чегинен ашып кеткендиги үчүн - 2375;

- тиешелүү документтерсиз унаа каражаттарын башкаргандыгы үчүн - 364;

- жол белгилеринин талаптарын аткарбаганы үчүн - 584;

- айнектери караңгылатылган унааны башкаргандыгы үчүн - 78;

- мас абалында транспорт каражатын башкаргандыгы үчүн - 254;

- унаа токтотуучу жайга коюлдду – 693.

Жол кырсыктарынын жана жол эрежелерин одоно бузууларды алдын алуу максатында республиканын аймагында рейддик иш-чаралар өтүп жатат.

Пикир

Оставить комментарий