• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Акыркы жумада мас абалында унаа башкарган 36 айдоочу кармалды

Коом 0

Бишкек, 03.05.21. /Кабар/. Бишкек шаарында 23-апрелден 29-апрелге чейин 5 миң 89 жол эрежесин бузуу фактысы катталды. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынан билдиришти.

Алардын ичинен:

- Мас абалында авто унаа башкаруу – 36;

- Авто унаанын алдыңкы жана каптал терезелерин караңгылатып айдоо – 13;

- Айдоочулук кубөлүгү жок авто унаа башкаруу – 54;

- “Коопсуз шаар” долбоору боюнча – 41;

- Башка жол эрежелерин бузуулар – 4945;

Ал эми 401 автоунаа ар кандай жасаган бузуулары үчүн убактылуу айып короо жайына токтотулду.

Пикир

Оставить комментарий