• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Акыркы жылдары чет элдиктерди каттоо 6 эсеге өскөн – Шаикова

Коом 0

Бишкек, 25.01.19. /Кабар/. Акыркы жылдары Кыргызстанда чет элдик жарандарды каттоо 6 эсеге өскөн. Бул тууралуу өкмөттүн жыйынында Мамлекеттик каттоо кызматынын төрайымы Алина Шаикова кабарлаган.

Анын берген маалыматына ылайык, акыркы убакта чет элдик жарандарды каттоодо туруктуу тенденция байкалууда. 2010-жылдан баштап бул сан өскөн. Эгер мурун болжол менен 70 миң чет элдик жаран катталса, акыркы жылдары 450 миң адам катталган.

“Белгилей кетким келет, бул тек гана расмий түрдө катталгандардын саны. Ошол эле учурда бизде 45 өлкө менен визасыз режим бар. Ал боюнча Кыргызстанда 60 күн катталбай жүрүүгө болот. Келгендердин арасынан эң көбү Түштүк Кореядан келген коноктор – 6,5 миң адам, АКШ – 4,5 миң адам жана андан тышкары Германия, Канада”, - дейт Шаикова.

Мамкаттоо кызматынын төрайымы кошумчалагандай, 8 жылдын ичинде чет элдик жарандарга 4 миң 477 адамга жашоого уруксат берилген.

Пикир

Оставить комментарий