• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Акыры мигранттардын маселесине көңүл бурулду – Гүлшан Дөлөнбаева Жапаровдун РФга иш сапары тууралуу

Коом 0

Февралдын аягында Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров биринчи иш сапары менен Россияга барды. Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө ар кандай документтерге кол коюлуп, өлкөлөр аралык мамилелерди өнүктүрүүнүн келечеги талкууланды. Белгилүү болгондой, Россия Кыргызстан үчүн артыкчылыктуу өнөктөштөрдүн бири болуп саналат, өткөн жыл муну дагы бир жолу далилдеди, анткени пандемиянын туу чокусуна жеткен мезгилде дал ушул Россия өлкөдөгү кырдаалды жеңилдетүүгө чоң салым кошкон.

2-мартта эксперттер “Пикир” аймактык эксперттер клубу тарабынан уюшулган “КР президентинин РФга иш сапарынын жыйынтыгы: негизги багыттар жана 2021-жылы Кыргызстан менен Россиянын мамлекеттер аралык кызматташтыгынын келечеги” аттуу конференциянын жүрүшүндө иш сапардын жыйынтыгын талкуулашты.

Кыргыз диаспорасынын Свердлов облустук “Кыргызстан – Урал” коомдук уюмунун төрайымы Гүлшан Дөлөнбаева Кыргызстан менен Россиянын ортосундагы мамилелердин келечеги, ошондой эле иш сапардын жыйынтыктары тууралуу айтып берди.

“Акыры мигранттардын көйгөйүнө көңүл бурулду. Бүгүнкү күндө мигранттар тарабынан жасалган ар бир тогузунчу кылмыш миграциялык каттоону бузуу болуп саналат. Чет жерде эмгектенип жүргөн мекендештерге колдоо көрсөтүү Кыргызстан үчүн артыкчылыктуу багыт экендигин мамлекет башчысынан угуу кубанычтуу болду. Ошондой эле республикада россиянын «Спутник V» вакцинасы катталганы дагы кубандырат. Практикалык дарыгер катары мен эмгек мигранттарын эмдөөдөн өткөрүү маселесин көтөргүм келет. Тараптардын кимиси эмдөө жүргүзүп жатканын түшүнүү керек, мен эмгек келишими жок мигранттардын уюшулбаган катмары тууралуу айтып жатам. Мисалы, декреттик өргүүдөгү аялдар”, - деген пикири менен бөлүштү Дөлөнбаева.

«Кабар» МАБ

Пикир

Оставить комментарий