• 88.91
  • 94.75
  • 0.95

Акысыз ID-карт берген улуттук кампания: 283 адам документтерин алышты

Коом 0

Бишкек, 17.05.21. /Кабар/. КРнын жарандарынын индентификациялык карт-паспортторун (ID- карт) акысыз берген улуттук кампания уланууда. Бул тууралуу Мамлекеттик каттоо кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, азыркы учурда МКК алдындагы калкты каттоо департаменти Билим берүү министрлигинен жана Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинен түшкөн тизмелерди кайрадан иштеп чыгууда.

“Ошентип, эки ведомстводон 1 миң 653 адамга тизме берилген, анын ичинен 283 жаран ID-карт алышты, 541и – аталган акцияга кирбейт”, - деп айтылат билдирүүдө.

Белгиленгендей, ошондой эле бүгункү күнгө карата дагы 15 жаран документтештирилди. Негизинен алар мамлекеттин карамагындагы жана интернат тибиндеги социалдык стационардык мекемелерде жашаган өспүрүмдөр.

Эске салсак, Мамлекеттик каттоо кызматы Кыргыз Республикасынын президентинин "Калкка мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүнүн жеткиликтүүлүгүн жана сапатын жогорулатуу боюнча мындан аркы чаралар жөнүндө" жарлыгын ишке ашырууга ылайык жарандарды документтештирүү боюнча иш алып барууда, 6 категориядагы жарандарга 2017-жылдын үлгүсүндөгү идентификациялык карталарды-паспортторду (ID-card) акысыз берүү иштери жүргүзүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий