• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Акысыз укуктук жардам: жарандар Конституциянын долбооруна өзгөртүү киргизилиши боюнча да кайрылууда

Коом 0

Бишкек, 07.12.20. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Жарандар Конституциянын жаңы долбооруна өзгөртүү киргизилиши боюнча да кайрылууда. Бул тууралуу "Кабар" агенттигинде өткөн маалымат жыйында Адвокаттар кеңешинин төрагасы Билим Райымкулов билдирди.

Эскерте кетсек, Кыргызстанда калкка акысыз укуктук жардам көрсөтүү декадасы өткөрүлгөн.

Райымкуловдун айтымында, жарандар укуктук жардам алуу менен бирге Баш мыйзамдын жаңы долбоорунун талкуулануусуна кабатыр болууда.

"Учурда Конституциянын жаңы долбоору каралууда. Баш мыйзамга өзгөртүү киргизүү боюнча жарандар кайрылып, суроолорун узатууда", - дейт ал.

Адвокаттар кеңешинин төрагасы декаданын алкагында жардам алган 4 миңдей жарандын 3,5 миңине адвокаттар да жардам көрсөткөнүн белгилейт.

Пикир

Оставить комментарий