• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Акысыз жактоочунун кызматы менен ким колдоно алат?

Коом 0

Бишкек, 27.12.18. /Кабар/. Кыргызстанда “Кепилденген юридикалык мыйзам жөнүндө” жаңы мыйзамынын алкагында мамлекеттик жактоочу алууга укугу бар жарандардын катары кеңейтилди. Бул тууралуу Юстиция министрлигинин алдындагы Кепилденген мамлекттик юридикалык жардамды координациялоо боюнча борбордун директору Акжол Калбеков “Кабар” агенттигиндеги маалымат жыйынынын жүрүшүндө маалымдады.

Анын маалыматы боюнча, биринчи кезекте ал жардамды минималдык кирешеси маянадан 60 эсе ашык болбогон жарандар - учурда ал 8 миң сомго туура келип, акысыз жактоочуга ээ боло алышат.

“Алган кирешеси каралбай эле мамлекеттик жактоочу берилген жарандарыбыз да бар. Алар - майыптар, жалгыз бой энелер, жашы жете электер, интернат үйлөрдөгү кары адамдар, аскер кызматкерлери жана башкалар”, - деди ал.

Анын айтымында, акысыз мамлекеттик жактоочу жаран кармалгандан тарта анын макамына карабай берилет.

“Биздин жарандар акысыз жактоочу алууга укугу бар экенин билиши үчүн маалыматтык кампания баштаганы турабыз. Ички иштер бөлүмдөрүндө кармалып калган ар бир жаран акысыз мамлекеттик жактоочу сураганга акысы бар. Биздин мыйзамдардын алкагында биздин борбордун системасына кирген жактоочулар бир саат ичинде кармоо жерине барып, юридикалык жардам бериши керек”, - деди Калбеков.

Ошондой эле ал 2018-жылдын 30-декабрынан тарта жарандар жарандык жана административдик иштер боюнча жактоочулардын акысыз юридикалык жардамын ала аларын белгиледи.

Пикир

Оставить комментарий