• 88.91
  • 94.75
  • 0.95

Акжол, Айсулуу баштаган 15 спортчуга эл аралык стипендия тапшырылды — сүрөт

Спорт 0

Бишкек, 22.08.22. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Кыргызстандык 15 спортчу Эл аралык олимпиада комитетинин стипендиясына ээ болду.

Бүгүн, 22-августта Бишкекте спортчуларга ай сайын берилүүчү 500 долларлык стипендия тапшырылды. Стипендия 2022-жылдын 1-майынан 2024-жылдын 31-августуна чейин 15 кыргызстандык спортчуга каралган.

Кыргызстандын Улуттук олимпиада комитетинин президенти Садыр Мамытов стипендияга ээ болгон спортчуларды куттуктап өттү.

"Стипендиянын санын 10дон 15ке жеткире алдык. Каражатты балдар-кыздарыбыз 2024-жылы өтө турган Париж Олимпиадасына чейин алышат. Ал өз учурунда спортчулардын аталган мелдешке мыкты даярданышына өбөлгө түзөт", - дейт ал.

Эскерте кетсек, стипендия 1-майдан баштап берилмек, бирок каражаттын кечеңдешинен улам сертификаттар бүгүн берилди.

Стипендияга татыктуу болгон спортчулардын тизмеси:

1.Акжол Махмудов – грек-рим күрөшү;
2.Жоламан Шаршенбеков – грек-рим күрөшү;
3.Алибек Осмонов – эркин күрөш;
4.Бекболот Мырзаназар уулу – эркин күрөш;
5.Эрназар Акматалиев – эркин күрөш;
6.Айсулуу Тыныбекова – кыз-келиндер күрөшү;
7.Мээрим Жуманазарова – кыз-келиндер күрөшү;
8.Айпери Медет кызы – кыз-келиндер күрөшү;
9.Кальмира Билимбекова – кыз-келиндер күрөшү;
10.Владимир Золоев – дзюдо;
11.Нурсултан Кеңешбеков – жеңил атлетика;
12.Гүлшаной Сатарова – жеңил атлетика;
13.Денис Петрашов – сууда сүзүү;
14.Бекдөөлөт Расулбеков – оор атлетика;
15.Нурадин Рустамбек уулу – бокс.

Иш-чарага Бекдөөлөт Расулбеков белгисиз себептерден улам келе алган жок.

Пикир

Оставить комментарий