• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Акжол, Айсулуу, Мээрим чакырылган. Бишкекте кыргыз күрөш боюнча эл аралык мелдеш өтөт

Спорт 0


Бишкек, 27.09.21. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Бишкекте Кыргызстандын кыргыз күрөшү федерациясынын кубогу үчүн эл аралык мелдеш өтөт. Бул тууралуу “Кабар” агенттигиндеги маалымат жыйынында Бишкек жана Чүй облусу боюнча Кыргыз күрөшү федерациясынын президенти Эмил Жамгырчиев билдирди.

Анын айтымында, мелдештин ачылуу аземи 29-сентябрда саат 17:00дө борбор калаадагы Каба уулу Кожомкул атындагы спорт ордосунда болот.

“Кыргызстандан 500гө жакын спортчу катышканы турат. Ошондой эле коңшу өлкөлөрдөн жана Ирандан балбандар келет. 28-сентябрда балбандар күрөшө баштайт, ал эми 29-сентябрда жарым финал жана финалдык кармашуу болот. Мелдештин ачылуу, жабылуусу да ошол күнү өтөт. Кирүү акысыз”, - дейт ал.

Жамгырчиев эл аралык мелдешке Токио Олимпиадасынын байгелүү орундарынын ээси Акжол Махмудов, Айсулуу Тыныбекова жана Мээрим Жуманазарова ардактуу конок катары чакырылганын айтат.

“Манасчы Дөөлөт Сыдыков, эстрада ырчылар Мирбек Атабеков, Кайрат Примбердиев, Гүлзада Рыскулова жана башка ырчылар келет”, - деп кошумчалады Жамгырчиев.

Кыргыз күрөшү федерациясынын президенти мелдештин баш байгеси эки автоунаа экенин маалымдады.

Пикир

Оставить комментарий