• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Акжол Махмудов Алматыдагы рейтингдик мелдеште алтын медаль тагынды

Спорт 0

Бишкек, 03.06.22. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Кыргызстандык балбан Акжол Махмудов Казакстандагы күрөш боюнча Bolat Turlykhanov Cup эл аралык рейтингдик мелдеште алтын медаль тагынды. Бул тууралуу Бириккен күрөш дүйнөсүнүн сайтында айтылат.

Мелдеш 2-5-июнь күндөрү Алматы шаарында өтүп, балбандар кыз-келиндер арасында, эркин жана грек-рим күрөшү боюнча күч сынашууда.

Акжол Махмудов грек-рим күрөшү боюнча 82 кг салмакта турнирдин чейрек финалынан баштап катышты. Финалдык кармашта Акжол ирандык Пейман Поштамга каршы чыкты. Башында эле кыргыз балбаны ирандык спортчуну эки ирет көтөрүп чаап, 9:0 эсебинде жеңип алды.

Буга чейин кыргыз балбаны түркиялык Бурхан Акбудак менен грузиялык Торнике Дзамашвилини жеңип алган.

Эскерте кетсек, аталган турнирде Жоламан Шаршенбеков (63 кг), Атабек Азисбеков (87 кг), Ильяс Ренат уулу (77 кг) жана Калидин Асыкеев (82 кг) коло байгеге татыган.

Пикир

Оставить комментарий