• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

Акжол Махмудов Азия чемпионатынын финалына чыкты

Спорт 0

Бишкек, 09.04.23. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Акжол Махмудов Казакстанда өтүп жаткан күрөш боюнча Азия чемпионатынын финалына чыкты.

Махмудов грек-рим күрөшү боюнча 77 кг салмакта мелдештин чейрек финалынан баштап катышууда.

Алгач түркмөнстандык балбанды 9:0 эсебинде жеңип, жарым финалга өттү. Анда Махмудов япониялык Кодай Сакурабага каршы килем үстүнө чыкты. Бул күрөштө кыргыз балбаны кыйла күчтүү экенин далилдеп, атаандашын 9:1 эсебинде утту.

Белгилей кетсек, Азия чемпионаты 9-14-апрель күндөрү Астана шаарында өтүүдө.

Пикир

Оставить комментарий