• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Акжол Махмудов Азия чемпионатынын финалына чыкты

Спорт 0

Бишкек, 19.04.22. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Кыргызстандык балбан Акжол Махмудов Монголиядагы грек-рим күрөшү боюнча Азия чемпионатынын финалына чыкты. Бул тууралуу Бириккен күрөш дүйнөсүнүн сайтында айтылат.

Махмудов 77 кг салмактан мелдештин чейрек финалынан баштап катышып, алгачкы ирандык Ареф Мозафарга кез келди. Аны кыргызстандык балбан 9:1 эсебинде мөөнөтүнөн мурда жеңип алды.

Нет описания.

Жарым финалда Акжол Махмудов кореялык Ким Хён У менен кармашты. Кореялык балбан Акжолдун далысын жерге басып жеңип алганга аз калды. Бирок Махмудов тырышчаактыгын көрсөтүп, далын бастырган жок. Жыйынтыгында 4:1 эсебинде кыргыз балбаны финалга чыкты.

Азия чемпионаты 19-24-апрелде Улан-Батор шаарында өтүүдө.

Финалда кыргызстандык балбан казакстандык Максат Ережеповго каршы күчүн сынайт.

Эскерте кетсек, Монголиядагы Азия чемпионатына Кыргызстандын атынан жалпы 21 балбан аттанган.

Пикир

Оставить комментарий