• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Акжол Махмудов Азиянын мыкты балбаны деп табылды

Спорт 0

Бишкек, 26.12.22. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Кыргызстандык балбан Акжол Махмудов 2022-жылдагы Азиянын мыкты балбаны деп табылды. Бул тууралуу UWW Asia жазып чыкты.

Жылдын жыйынтыгы менен Азия чөлкөмүндө грек-рим күрөшү боюнча Акжол Махмудов, эркин күрөш боюнча япон Таиси Нарикуни жана кыз-келиндер күрөшү боюнча казакстандык Жамиля Бакбергенова мыкты деп аталды.

Эскерте кетсек, буга чейин UWW уюмунун версиясы боюнча Акжол Махмудов 2022-жылдын “Тарых жаратуучусу” болгон.

Пикир

Оставить комментарий