• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Акжол Махмудов дүйнөлүк рейтингде төртүнчү орунга түшүп калды

Спорт 0

Бишкек, 19.10.21. /Кабар/. Кыргызстандык балбан Акжол Махмудов United World Wrestling уюмунун рейтингинде төртүнчү орунга түшүп калды. Бул тууралуу аталган уюмдун сайтында айтылат.

Махмудов өзүнүн салмагында (77 кг) аталган уюмдун рейтингинде экинчи саптан төртүнчү сапка түштү. Ага кыргызстандык спортчунун Дүйнө чемпионатына катышпаганы себеп болгон.

Ал эми тизменин сап башында Махмудовдун Токио Олимпиадасынын финалындагы атаандашы венгриялык Томас Лорен, андан кийин россиялык Роман Власов менен азербайжандык Санан Сулейманов турат.

Эскерте кетсек, күрөш боюнча Дүйнө чемпионатына катышкан кыргызстандык спортчулар United World Wrestling уюмунун рейтингинде алдыңкы саптарга көтөрүлгөн.

Пикир

Оставить комментарий