• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Акжол Махмудов күрөш боюнча дүйнө чемпионатынын жарым финалына чыкты

Спорт 0

Бишкек, 10.09.22. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Кыргызстандык балбан Акжол Махмудов Сербиядагы грек-рим күрөшү боюнча дүйнө чемпионатынын жарым финалына чыкты.

Грек-рим, эркин жана кыз-келиндер күрөшү боюнча мелдеш 10-18-сентябрда Белград шаарында өтүүдө.

Махмудов 77 кг салмакта мелдештин тандоо турунан, башкача айтканда, 1/16 финалынан баштап катышууда. Ал алгач бразилиялык балбанды 11:1, кийин мексикалык спортчуну 8:0 эсебинде уткан. Чейрек финалда кыргыз балбаны түркиялык Юнус Эмре Башарды 9:7 эсебинде артта калтырып, чемпионаттын жарым финалына өттү. Жарым финалда Акжол кореялык Ким Хён У менен кармашат.

Эске сала кетсек, үстүбүздөгү жылдын апрель айында Монголияда күрөш боюнча Азия чемпионаты өтүп, анда дагы Махмудов кореялык Ким Хён У менен жарым финалда кез келген. Ал мелдеште кыргыз балбаны бардык атаандаштарын утуп, Азия чемпиону болгон.

Белгилей кетсек, күрөш боюнча дүйнө чемпионатына Кыргызстандын атынан 15 спортчу аттанган.

Пикир

Оставить комментарий