• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Акжол Махмудов күрөш боюнча дүйнөлүк рейтингде эки сапка көтөрүлдү

Спорт 0

Бишкек, 21.04.22. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Кыргызстандык балбан Акжол Махмудов грек-рим күрөшү боюнча дүйнөлүк рейтингде эки сапка көтөрүлдү.

Бириккен күрөш дүйнөсүнүн (UWW) жаңыртылган рейтингине ылайык, Акжол Махмудов грек-рим күрөшү боюнча 77 кг салмак арасында үчүнчү орунга көтөрүлдү. Буга чейин ал бешинчи сапта келе жаткан. Анда жалпы 51 миң 400 упай бар.

Нет описания.

Эскерте кетсек, ушул тапта Монголиядагы күрөш боюнча Азия чемпионаты өтүүдө. Бирок грек-рим түрү боюнча мелдеш аяктады. Анын жыйынтыгында Кыргызстандын куржунуна алты медаль топтолду:

Алтын медаль:
Жоламан Шаршенбеков - 60 кг;
Тынар Шаршенбеков - 63 кг;
Акжол Махмудов - 77 кг.

Коло медаль:
Адилхан Нурланбеков - 72 кг;
Үзүр Жузупбеков - 97 кг;
Роман Ким - 130 кг.

Жоламан Шаршенбеков болсо 63 миң 200 упайы менен рейтингде экинчи орунду сактап калды. Ал эми жеңишке жеткен башка спортчулар азырынча рейтингдин алдыңкы ондугуна кире элек.

Пикир

Оставить комментарий