• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Акжол Махмудов Түркияда өткөн эл аралык мелдеште алтын утту

Спорт 0

Бишкек, 23.10.17. /Тумара Туратбекова - Кабар/. Кыргызстандык спортчу Акжол Махмудов Түркиядагы эл аралык “Republic Cup” күрөшүндө алтын медаль утту. Бул тууралуу КРдин күрөш федерациясынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, жаштар арасында өткөрүлгөн эркин грек-рим күрөшү боюнча Кыргызстандын курама командасы Түркиядагы “Республиканын Кубогунда” катышты. Курама команданын байге куржунунда 5 медаль бар.

Грек-рим күрөшү боюнча Акжол Махмудов алтын, Халмурат Ибрагимов жана Абдыкерим уулу Куттубек күмүш медаль утушту. Эркин күрөш боюнча спортчулар Таалай Орузбаев (күмүш) жана Кунай Нурдавлетов (коло) айырмаланышты.

Турнир Стамбул шаарында 20-21-октябрь күндөрү өтүп, ага КРдин атынан машыктыруучулар Фархад Ушуров, Кубат Ахметов жана Анарбек Усенкановдун жетекчилиги алдында 8 спортчу барды.

Пикир

Оставить комментарий