• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Акжол Махмудов Токиодогу Олимпиада оюндарында күмүш медаль багындырды

Спорт 0

Бишкек, 03.08.21. /Кабар/. Кыргызстандык балбан Акжол Махмудов Токиодогу Олимпиада оюндарында грек-рим күрөшү боюнча мелдештин күмүш медалын багындырды.

Ал 77 кг салмакта мелдештин 1/8 финалында тунистик Маафи Ладжедди 11:0 эсебинде артта калтырды. Махмудов чейрек финалда азербайжандык Рафик Гусейновду 9:1 эсебинде утуп, жарым финалга чыкты.

Жарым финалда кыргызстандык спортчу армениялык Карапет Чалянды 6:2 эсебинде жеңип, финалга өттү.

Алтын үчүн күрөштө Махмудов венгриялык Тамаш Лёринцге 1:2 эсебинде утулуп, күмүш медалга ээ болду

Белгилей кетсек, Токиодогу Олимпиада оюндарында Кыргызстандын куржунуна алгачкы медалды Акжол Махмудов салды.

Пикир

Оставить комментарий