• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Акжол Махмудов жана Жоламан Шаршенбеков белекке батир алышты

Спорт 0

Бишкек, 17.01.22. /Кабар/. Балбандар Акжол Махмудов жана Жоламан Шаршенбеков белекке батир алышты. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик департаментинен билдиришти.

Кыргызстандын күрөш федерациясынын биринчи вице-президенти Дамирбек Асылбек уулу жана аталган федерациясынын бюросунун мүчөсү Рустам Жон Олимпиада оюндарынын күмүш байге ээси Акжол Махмудовго эки бөлмөлүү батир берди.

Кыргызстандын күрөш федерациясынын грек-рим күрөшү боюнча вице-президенти Ахрор Иминов Акжол Махмудовго автоунаа, ал эми дүйнө чемпионатынын күмүш медалынын ээси Жоламан Шаршенбековго бир бөлмөлүү батир тапшырды.

Ошондой эле Федерациянын бюросунун мүчөсү Тимур Пазылов грек-рим күрөшү боюнча улуттук курама команданын машыктыруучусу Азат Эркимбаевге үй белек кылды.

Мындан сырткары, федерациянын бюросунун атынан Кыргызстандын U20 курамасынын машыктыруучусу Шухрат Ушуров, U23 курамасынын машыктыруучусу Арсен Эралиев, U17 курамасынын машыктыруучусу Ратбек Мамбетовго 50 миң сомдон акчалай сыйлык берилди.

Пикир

Оставить комментарий