• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

«Альфа Телекомдун» директору бизнес-коомчулуктун өкүлдөрүн пандемия шартында четте карап турбоого чакырды

Коом 0

Бишкек, 05.08.20. /Кабар/. «Альфа Телеком» ишканасы COVID-19 менен күрөшүп жаткан республикадагы медицина кызматкерлерин акысыз байланыш менен камсыздады. Бул тууралуу өкмөт үйүндө өткөн брифингде «Альфа Телеком» ЖАКтын башкы директору Акылбек Жамангулов билдирди.

Анын айтуусуна караганда, акционердик коом активдүү түрдө мамлекетке жардам берүүнү улантып келет.

«Биз медиктерди, чек ара кызматкерлерин, ӨКМдин куткаруучулар жана мугалимдерде акысыз байланыш менен камсыздадык. Ишкананын кызматкерлери 7 миңге жакын жаранды азык-түлүк менен камсыз кылды. Ошондой эле Кыргызстандагы ооруканаларга жана стационардык мекемелерге компаниянын атынан 50 дем алдыруучу кычкылтек аппараттары тапшырылды»,- деди ал.

Жамангулов өз сөзүндө бизнес-коомчулуктун өкүлдөрүн пандемия шартында четте карап турбоого чакырды.

«Ушундай кыйын кырдаалда биз мамлекетке, жардамга муктаж жарандарга көмөк көрсөтө алабыз. Баарыңарды четте карап турбоого чакырам», - деди Жамангулов.

Пикир

Оставить комментарий