• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

“Альянс акча алмаштыруу ассоциациясы” Баткен облусуна тез жардам унаасын тапшырды

Аймак 0

Бишкек, 18.05.21. /Кабар/. “Альянс акча алмаштыруу ассоциациясы” Баткен облустук үй-бүлөлүк дарыгерлер борборуна тез жардам унаасын тапшырышты. Бул тууралуу өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы билдирди.

Баасы 1 млн сом болгон унаанын ичинде, бейтапка медициналык тез жардам көрсөтүү үчүн зарыл болгон бардык шарттары бар.

Тез жардам унаасын, Лейлек районунун Кулунду айыл аймагынын чек арада жайгашкандыгы эске алынып, Кулунду жалпы дарыгерлер борборуна берүү чечими кабыл алынды.

Эске сала кетсек, 29-апрелдеги чек арадагы куралдуу жаңжалда облустук үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун тез жардам унаасы жарадар болгон жарандарга жардамга бара жаткан учурда Тажикстандын аскерлери тарабынан аткыланып, жараксыз абалга келген болчу.

Пикир

Оставить комментарий