• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Окуучулар арасында альтернативдүү олимпиаданын II этабы 13-февралда башталат

Билим 0

Бишкек, 11.02.21. /Кабар/. Мектеп окуучулары арасында альтернативдүү олимпиаданын II этабы 13-февралда башталат. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, 2021- жылдын январь айында математика, физика, химия, биология жана информатика боюнча альтернативдүү олимпиаданын I этабы онлайн режиминде өткөн.

Альтернативдүү олимпиаданын II этабы төмөнкү графикке ылайык өтөт:

  • физика – 2021-жылдын 13-14- февралында;
  • информатика жана биология – 2021-жылдын 20-21-февралында;
  • математика жана химия – 2021-жылдын 27-28-февралында.

Белгилей кетсек, альтернативдүү олимпиада КР “Билим берүү жөнүндөгү” мыйзамынын алкагында зээндүү мектеп окуучуларын табуу, алардын билимдерин өркүндөтүү, чыгармачылык жөндөмдүүлүктөрүн илимий-изилдөө ишине карата кызыкчылыктарын өнүктүрүү жана математика, физика, химия, биология жана информатика предметтери боюнча Эл аралык олимпиадаларга катышуу үчүн Кыргыз Республикасынын командасын түзүү жана даярдоо максатында өткөрүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий