• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Альтернативдүү олипиаданын жеңүүчүсү делип 97 окуучу таанылды. Тизме

Билим 0

Бишкек, 13.07.20. /Кабар/. Пандемия мезгилинде түзүлгөн кырдаалга байланыштуу, Альтернативдүү олимпиаданын III этабынын жыйынтыгында рейтинг боюнча эң жогорку балл алган 97 окуучу жеңүүчү деп таанылды. Аларга активдүү катышкандыгы үчүн сертификаттар тапшырылат. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы кабарлайт.

Бул олимпиаданын эң башкы максаты - эл аралык олимпидага мыкты окуучуларды тандап алуу болуп саналат.

Эл аралык олимпиадалар ото турган болсо, анын уюштуруу комитети тарабынан бекитилген квотага ылайык, Альтернативдүү олимпиадага катышкан 97 окуучунун ичинен рейтинг боюнча эң жогорку балл алган окуучулар математика, физика, химия, биология, информатика предметтери боюнча сынакка катышышат, ал эми калгандары резервде болушат.

Пилот түрүндө математика, физика, химия, биология жана информатика предметтери боюнча башталган окуучулар арасындагы Альтернативдүү олимпиаданын жыйынтыктоочу этабы март-апрель айыларында өтөөрү болжолдонгон болчу. Бирок анын республикалык этабы ѳлкѳдѳ түзүлгѳн эпидемиялык кырдаалга байланыштуу ѳткѳрүлгѳн жок.

Бул олимпиаданын өзгөчөлүгү - окуучулар Республикалык олимпиадага да катыша алышат. 97 окуучунун ичинен 60 окуучу Республикалык олимпиадага да катышып, III этапта байгелүү орундарга ээ болушкан.

Жеңүүчүлөрдүн тизмеси менен бул жерден таанышууга болот: 1, 2, 3, 4, 5.

Пикир

Оставить комментарий