• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

"Ал-Жазирада" Кыргызстан тууралуу берүүлөр көрсөтүлөт

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

24-апрелден тартып 30-апрелге чейин «Ал-Жазиранын» араб тилдүү телеканалынан кыргыз жери жана кыргыз эли жѳнүндѳ атайын кѳрсѳтүүлѳр эртеден-кечке чейин эфирге чыга турган болду. Бул тууралуу Кыргызстандын Катардагы атайын жана толук ыйгарымдуу элчиси Нуран Ниязалиев "Азаттык" үналгысына билдирди.

2016-жылдан бери «Ал-Жазира» эл аралык телеканалынын жетекчилиги менен кыргыз жери, кыргыз эли, анын байыркы салт-санаасы, үрп-адаты, кооз табияты тууралу араб тилинде телеберүүлѳрдү уюштуруу боюнча аракеттер болуп келген.

Ушул максатта каналдын кабарчысы Тарик Саид Кыргызстан тууралуу тасмаларды өзү келип тартып кеткен. "Бул тасмалар атайын ушул учурга туштап чыгып жатат. Себеби жай айлары Катарда абдан ысык болот. Азыр эми арабдардын көбү салкын өлкөлөргө саякаттоону каалашат. Ошого жараша бул берүүлөр аркылуу биздин да туристтик мүмкүнчүлүктөрүбүз менен тааныша алышат", - деди Нуран Ниязалиев.

"Ал-Жазира" программалары ар кыл тилде чыккан дүйнөлүк телеканалдардын бири. Анын башкы кеңсеси Катардын борбору Дохада жайгашкан. (BCh)

Булак: "Азаттык"

Пикир

Оставить комментарий