• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Ала-Арча паркында ири марафон өтөт

Спорт 0

Бишкек, 13.03.19. /Кабар/. Кыргызстанда bhb Ala-Archa Ethno Run 10K марафону өтөт. Бул тууралуу уюштуруучулар социалдык тармактардан билдиришкен.

Алар маалымдашкандай, марафон көчмөн маданияттын элементтери менен этно стилде өтөт

Катышууну каалагандар үчүн каттоо 3-майда аяктап, ал эми ири спорттук иш-чара 4-майга белгиленген. Марафон мамлекеттик "Ала-Арча" жаратылыш паркында саат 9:00дө старт алат.

16 жаштан өйдө бардык каалоочулар чуркоого катыша алышат.

Пикир

Оставить комментарий