• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Ала-Арча резиденциясында мугалимдердин август конференциясы башталды

Коом 0

Бишкек, 17.08.18. /Кабар/. Бүгүн, 17-августта Мамлекеттик Ала-Арча резиденциясында педагог ишмерлеринин август конференциясы башталды.

Мугалимдер үчүн бул окуу жылынын алдындагы негизги иш-чара болуп саналат. Иш-чарага педагогдор, ректорлор жана билим берүүнүн кызматкерлери чогулушкан.

Конференцияда билим берүү тармагындагы маанилүү жана көйгөйлүү болгон маселелер талкууланат деп күтүлүүдө.

Конференциянын негизги бөлүгү аяктагандан соң, катышуучулар бир нече секцияларга бөлүнүп, санариптик билим берүү, жаңы муундун китептери жана тамак-аш берүүнү жакшыртуу программаларын талкуулашат.

Пикир

Оставить комментарий