• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Ала-Арча суу сактагычына аял киши чөгүп кеткен

Кырсык 0

Бишкек, 16.09.20. /Кабар/. Ала-Арча суу сактагычына аял киши чөгүп кеткен. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, 15-сентябрь күнү саат 15:35 чамасында Аламүдүн районундагы Ала-Арча суу сактагычына болжол менен 30-35 жаштагы аял киши (аты-жөнү такталууда) чөгүп кеткен.

Жерине КР ӨКМнин Бишкек шаардык Куткаруу кызматынын куткаруучулары тартылып, маркумдун сөөгүн суудан чыгарып, милиция кызматкерлерине өткөрүп беришкен.

Пикир

Оставить комментарий