• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

Ала-Арча суу сактагычына түшүп кеткен жигиттин сөөгү табылды

Кырсык 0

Бишкек, 27.06.22. /Кабар/. Ала-Арча суу сактагычына түшүп кеткен жигиттин сөөгү табылды.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, 26-июнда Бишкектин Калыс-Ордо конушундагы Ала-Арча суу сактагычына 18 жаштагы М.у Б. аттуу жигит түшүп кеткен.

“Бүгүн жерине издөө иштерин жүргүзүү үчүн саат 10:05те алты суучул-куткаруучу тартылган. Издөөнүн натыйжасында сууга чөгүп кеткен жарандын сөөгүн чыгарып, милиция кызматкерлерине өткөрүп беришкен”, - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий