• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Ала-Арча суусу кар менен муздан тазаланып жатат

Коом 0

Бишкек. 19.11.18 /Кабар/. “Бишкек жашылдандыруу чарбасы” ишканасынын кызматкерлери Ала-Арча суусун кар менен муздан тазалашууда. Тазалоо иштери Кочкор көчөсүнөн Рыскулов көчөсүнө чейинки аралыкта аткарылууда.

Бул иш-чаралар муздардын топтолушун, шыргалаңдын пайда болушун алдын алып, жээктеги үйлөргө суу ташкындашын болтурбоо максатында жасалууда.

Мындан мурда ушул тилкеде жээктерди бекемдөө, Ала-Арча суусунун нугун тазалоо жана тереңдетүү иштери аткарылган.

Белгилей кетсек, кыш мезгилинде Ала-Арча суусунун Мамлекеттик резиденция – Семетей көчөсүнөн баштап Батыш Чоң Чүй каналына чейинки тилкеси күнү-түнү көзөмөлгө алынып турат.

Дарыяны Өзгөчө кырдаалдар министрилиги менен “Бишкек жашылдандыруу” ишканасынын кызматкерлери көзөмөлдөп турушат.

Пикир

Оставить комментарий