• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Ала-Арча суусу тоңуп, жээктен ашып, жолду каптады

Коом 0

Бишкек, 30.01.18. /Кабар/. Бишкек шаарындагы А.Малдыбаев көчөсүндө жайгашкан “Илим” мектебинин тушунан Ала-Арча суусу тоңуп, муз катмары пайда болгондуктан суу жээктен ашып, жолду каптап баштаган. Окуя 28-яянварда болжол менен саат 09:20 чамасында болгон,-деп билдирет ӨКМнин басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, КР ӨКМнин Бишкек шаардык башкармалыгынан 6 адамдан турган ыкчам топ, КР ӨКМнин Өзгөчө кырдаалдарга чара көрүү түндүк борборунан 2 ХОВО, 1 автожүктөгүч, “Бишкексууканал” ишканасынан 2 экскаватор, 2 самосвал, “Жашылдандыруу” мекемесинен 15 кызматкер, 2 ГАЗ-53 унаасы, 1 экскаватор, 1 жүктөгүч, 1 трактор МТЗ прицеби менен, 2 самосвал тартылган.

“Кырсыктын алдын алуу жумуштарын жүргүзүшкөн. 29-январда тартылган күчтөрдүн жардамы менен Ала-Арча суусундагы муз катмарларын жөнгө салуу иш-чаралары улантылды. Андан тышкары, райондук жарандык коргонуу комиссиясы тарабынан Ала-Арча жана Аламүдүн дарыяларындагы суулар көзөмөлдөнүүдө. Бүгүн да тиешелүү иштер улантылат”,-деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий