• 88.91
  • 94.75
  • 0.95

Ала-Арча суусуна кулаган жаран изделүүдө

Кырсык 0

Бишкек, 15.07.19. /Кабар/. Аламүдүн районунун Байтик айылында Ала-Арча суусуна түшүп кеткен жаран изделүүдө. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Министрликтен белгилешкендей, кечээ, 14-июнь күнү 112 кызматына 25 жаштагы бала Ала-Арча суусуна түшүп кеткендиги тууралуу маалымат келип түшкөн.

Окуя жерине 6 куткаруучу барган.

"Түн киргенине байланыштуу саат 23:50дө издөө иштери убактылуу токтотулган. Издөө иштеринен натыйжа болгон жок. 15-июль күнү издөө иштери улантылууда", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий