• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Ала-Арча суусуна түшүп кеткен жарандын денеси табылды

Кырсык 0

Бишкек, 15.07.19. /Кабар/. Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Байтик айылында Ала-Арча суусуна түшүп кеткен жарандын денеси табылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Министрликтен белгилешкендей, кечээ, 14-июнь күнү 112 кызматына 25 жаштагы бала Ала-Арча суусуна түшүп кеткендиги тууралуу маалымат келип түшкөн.

Бүгүн издөө иштерине 20 куткаруучу тартылып, саат 11:46да маркумдун жансыз денеси табылган.

Пикир

Оставить комментарий