• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Ала-Бел ашуусунда айдоочу өзүнүн унаасынын алдында калып көз жумду

Кырсык 0

Бишкек, 15.10.18. /Кабар/. Ала-Бел ашуусунда унаасы бузулуп калган кесиптешине жардам берейин деген “Мерседес Спринтер” унаасынын айдоочусу көз жумду.

Жалал-Абад облусунун ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдиргендей, каза болгон 44 жаштагы Азамат Т. саат 23:00дөр чамасында Бишкек-Ош жолунун 150-чакырымында Бишкекти көздөй бара жаткан.

Ала-Бел ашуусунда ал рулун Ы. уулу Бексултан аттуу айдоочу башкарган токтоп турган “Мерседес Спринтер” унаасын көргөн. Азамат бузулуп калган унааны оңдоого жардам берүү үчүн токтоп, багажынан тетиктерди алайын дегенде тайып жыгылып, унаасы өзү менен артка жылып кеткен.

Маршрутка аны 30 метрдей сүйрөп барып, жолдон чыгып кеткен. Азамат аймактык ооруканага жеткирилип, жандандыруу бөлүмүндө эсине келбей көз жумган.

Пикир

Оставить комментарий