• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Ала-Бука аймактык ооруканасында заманбап технологиялар ишке киргизилген

Аймак 0


Бишкек, 30.07.19. /Кабар/. Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районундагы аймактык ооруканасында санариптешкен заманбап технологиялар ишке киргизилген - сервер орнотулуп, бейтаптар электрондук түрдө каттоого тургузулат.

Оорукананын директору Бактыгүл Алибаеванын айтуусунда, президенттин 2019-жылды аймактарды өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү жылы деп жарыялоо Жарлыгынын алкагында оорукананы толугу менен электрондук башкарууга өткөрүү чечими кабыл алынга. "Азыркы учурда ооруканада 52 компьютер жана сервер орнотулган. Баардык копьютерлер дарыгерлердин иш бөлмөсүндө орнотулган жана алар бири-бири менен өз ара байланышкан. Башкача айтканда, керек болгон учурда дарыгерди керектүү бөлүмгө чакырса болот. Жаңы жабдыктарды орнотууга жалпысынан 1 млн. 250 миң сом кетти", - деп билдирди ал.

Директордун айтуусунда, ооруканадагы хирургиялык бөлүм толугу менен оңдоп-түзөөдөн өткөрүлгөн. "Бизде эки операциялык блок бар - бирөө ыкчам хирургия үчүн, экинчиси болсо пландык. Азыркы учурда эки операциялык блокто ремонт иштери жүргүзүлүп, жабдыктар алынган. Баардыгы болуп республикалык бюджеттен 2 млн. 500 миң сом бөлүнгөн", - дейт ал.

Алибаева кошумчагандай, жалпысынан бир жыл ичинде ооруканага 9 миңге жакын бейтап жардам сурап кайрылган. Оорукана 198 орунга ылайыкташтырылган.

Пикир

Оставить комментарий