• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Бакыт Төрөбаев: Ала-Бука – Каныш-Кыя жолу оңдолот

Коом 0

Бишкек, 09.07.22. /Кабар/. Жалал-Абад облусунда Ала-Бука – Каныш-Кыя жолу оңдолот. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев Чаткалда эл менен жолугушууда айтканын президенттин облустагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, мындай маалымат өлкө башчысынын тапшырмасына ылайык, министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев, башкы прокурор Курманкул Зулушев, ички иштер министри Улан Ниязбеков, президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абсаттар Сыргабаевдин Чаткал районунун тургундары менен жолугушуусунда айтылды.

Жыйынга 300гө жакын жергиликтүү тургундар катышып, аймактагы бир катар маселелер айтылды. Анда алыскы райондо жеткиликтүү медициналык жардам алуудагы кемчиликтер, укук коргоо органдарына, соттун чечимдерине, тергөө сапатынын начардыгына болгон нааразычылыктары белгиленди.

Мындан сырткары аймактагы кен иштеткен компаниялардын мыйзамсыз аракеттери, таза суу, Ала-Бука–Каныш-Кыя жолун оңдоо, ички каттамга курулган жолдордун сапатына болгон нааразычылыктар жана жеке маселелер көтөрүлдү.

Бакыт Төрөбаев жыйындарда айтылган ар бир көйгөй объективдүү каралып, тийиштүү чечимдер кабыл алынаарын маалымдады. Эл менен жолугуу жана анын натыйжалуулугуна жетүү президенттин жеке көзөмөлүндө экенин баса белгиледи.

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Ала-Бука – Каныш-Кыя жолунун оңдоо долбоору бекитилгенин, ага катар алдыда Ак-Таш, Сумсар, Курулуш жана Терек-Сай айылдарына таза суу жеткирилээрин билдирди. Ошондой эле аймакты Талас облус менен бириктирүүчү каттамды жакшыртуу аракети көрүлөөрүн айтып, мындан башка дагы аткарылуучу бир катар ири долбоорлор тууралуу маалымат берди.

Чаткал районунун тургундары тарабынан көтөргөн көйгөйлөрдү эске алуу менен бир айлык мөөнөттө кен казууга берилген лицензиялар, чачыранды кен казуу жана жол оңдоого байланышкан коррупциялык аракеттерди териштирүү иштери жүрөөрү айтылды.

Белгилей кетсек, президенттин тапшырмасы менен бийлик өкүлдөрүнүн аймактарда эл менен жолугушуулары өтүүдө.

Пикир

Оставить комментарий