• 88.91
  • 94.75
  • 0.95

Ала-Бука милициясы чек арадан аткезчилик жол менен мал алып өтүүгө бөгөт койду

Укук тартиби 0

Бишкек, 29.03.22. /Кабар/. Ала-Бука райондук милициясы чек арадан аткезчилик жол менен мал алып өтүүгө бөгөт койду. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 27-март күнү болжол менен саат 10:30 чамасында Ала-Бука районунун Ак-Там айылында 2 жаран 9 баш койду Өзбекстандын аймагына чек арадан мыйзамсыз өткөрүүгө аракет кылып жаткан жеринен Ала-Бука милициясы тарабынан кармалышкан.

Бул факты боюнча топтолгон материал ошол эле күнү райондук милицияга аткезчилик боюнча катталып, окуяга тиешеси бар адамдардын өздүктөрү такталган. Алар Ала-Бука районунун тургуну 1979-жылы туулган Ө.У. жана Өзбекстандын Наманган облусунун тургуну 2002-жылы туулган Н.У. экендиктери аныкталган.

Алдын ала текшерүүнүн жүрүшүндө, 27-мартта саат 07:00 чамасында Н.У. жана Ө.У. мал базарга Хундай-Портер үлгүсүндөгү автоунаа менен барышкандыгы, мал базардан 9 баш койду жалпы 78 миң сом акчага сатып алышкандыгы, ал койлорду коңшу өлкөнүн “Илхом” аттуу тургунуна өткөрүү үчүн Ала-Бука районунун Актам айылындагы чек арага жакын жерге алып баргандыгы такталган.

Азыркы учурда бул окуя боюнча тийиштүү адамдар суралып, териштирүү иштери жүргүзүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий