• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Ала-Бука милициясы райондогу мечиттин имамдары менен жолугушту

Аймак 0

Бишкек, 27.01.23. /Кабар/. Ала-Бука райондук милициясынын жетекчилиги 79 мечиттин имамдары менен жолугушту. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук милициясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, жолугушууда диний экстремизмдин, эрте никеге туруулардын алдын алууну талкуулады. Улуттар аралык ынтымакты бекемдөөдө, суицид, кылмыштуулуктун алдын алууда дин кызматкерлеринин орду чоң экендиги белгиленди. Жума намаздарында элге диний көз карашты, жолугушууда айтылган сөздөрдү туура жеткирүү тапшырмалары коюлду.

Топтошуп мушташууларга бөгөт коюу, түрдүү кырсыктарды болтурбоо, спирт ичимдигин ичип унаа башкарбоого багытталган баяндар айтылуусу керектиги белгиленди. Негизинен район аймагындагы жалпы кылмыштуулуктун алдын алууда дин өкүлдөрү тарабынан милицияга көмөк көрсөтүү сунуштары берилди.

Пикир

Оставить комментарий